Бишкектин Башкы планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жолугушуу өттү

Коом 7 октябрь 2025 17:38
whatsappimage20251007at164002-70868e4ee68c670c0.09489032.jpg
whatsappimage20251007at1640012-19868e4ee68c6b320.66141858.jpg
whatsappimage20251007at1640011-61368e4ee68c6e6e4.40499324.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251007at164002-70868e4ee68c670c0.09489032.jpg
whatsappimage20251007at1640012-19868e4ee68c6b320.66141858.jpg
whatsappimage20251007at1640011-61368e4ee68c6e6e4.40499324.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында башкы планды иштеп чыгуунун алкагында жолугушуу болуп өттү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жолугушууга башкармалыктын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев, анын орун басары Азирет Акимов, Келечектүү шаар куруу илимий-изилдөө институтунун башкы директору Павел Спирин жана КШК ИИИдеги Бишкек шаарынын башкы планынын долбоорунун жетекчиси Ирина Гришичкина катышты.

Жолугушуунун алкагында Павел Спирин шаар курууну комплекстүү талдоонун жыйынтыгы менен тааныштырды. Алдыда Бишкек шаарынын башкы планынын акыркы долбоордук сунуштары даярдалат.