Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Орто-Алыш суу алуу жайындагы көлмөлөрдүн саны 12ге жетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, 3-4 жыл мурда борбор калаада суу жетишпей көйгөйлөр жаралган. Маселени чечүү максатында суу топтоочу көлмөлөр тазаланып, алардын саны көбөйтүлдү.
Айбек Жунушалиев белгилегендей, айыл чарба иштери башталганга чейин сууну эрте камдоо иштери колго алынды.
“Орто-Алыш суу алуу жайында убагында суу жетпей, 2022-2023-жылдары митингдер болгон. 2023-жылы биз техникаларды киргизип, көлмөлөрдүн баарын тазалаганбыз. Ал убакта көлмөлөрдүн саны 8 болчу. Бүгүн алардын саны 11ге жетти. Дагы бир көлмөнү жогору жакка куруп жатабыз. Эми көлмөлөр 12 болот. Көлмөлөргө суу кирет, суу болсо жер астына сиңип кетет. Ал эми жер астындагы суулардан Орто-Алыштын суусу көбөйөт. 2022-2023-жылдары кемчиликтер эмнеде болгон? Апрель, май, июнга чейин барып суу алып башташчу. Айыл чарба багытындагы иштер башталганда суу тартыштыгы жаралган. Мына азыр март айы, биз сууну айыл чарба иштери башталганга чейин толтуруп алдык. Эми бул иштер токтобойт. Азыр 11 көлмөдө тең суу толуп турат. Орто-Алыш суу алуу жайы Бишкек шаарынын 40 пайызынын суу муктаждыгын жабат. Биз жарандарга сууну үнөмдүү колдонуу керектигин айтып жатабыз”, — деди калаа башчысы.