Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы" сынактары өтүүдө

Коом
1747288983.jpeg
1747288987.jpeg
1747288978.jpeg
1747288974.jpeg
1747288997.jpeg
1747289000.jpeg
1747289003.jpeg
1747289006.jpeg
1747289013.jpeg
Алдыга
Артка
1747288983.jpeg
1747288987.jpeg
1747288978.jpeg
1747288974.jpeg
1747288997.jpeg
1747289000.jpeg
1747289003.jpeg
1747289006.jpeg
1747289013.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Бишкек шаарында 14-майдан 19-майга чейин  "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынактары өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Жылдын мыкты мугалими" сынагына 17 номинация боюнча 32 педагог, ал эми "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагына 4 номинация боюнча 14 педагог катышууда.

Бекитилген графикке ылайык, катышуучулардын кароосу жүргүзүлөт, анда үч тур белгиленет: өзүн-өзү презентациялоо, сабак, тестирлөө.

Сынактык калыстар курамында РККДИнын, КББАнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары бар.

Белгилей кетсек, бардык номинациялар боюнча биринчи орунду алган мугалимдер мындан ары сынактын республикалык этабына катышат.