Бишкек , 09.04.25. /Кабар/. Бишкекте "Умүт" жаш киночулардын эл аралык форумунун алкагында Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн эксперттеринин мастер-класстары өтөт.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мастер-класстар белгилүү киноматографисттер, операторлор жана продюсерлер тарабынан көрсөтүлөт.
Баяндамачылар питчинг долбоорлоруна даярдануунун негиздери, оператордун стили жана кинодогу визуалдык композиция жөнүндө айтып беришет. Бардык иш-чаралар “Ололо-Юрт” коворкинг-борборунда болот. Кирүү акысыз негизде.
12-апрель. “Оператордун стили жана чыгармачылык ойлорду орундатуу үчүн техниканы тандоо”
Баяндамачы: Хасан Кыдыралиев (Кыргызстан)
Өтө турган жер: “Ололо-Юрт” коворкинг-борбору (Кулатов көч, 61)
Убактысы: 10:00–12:30
Орундарга мурдатан ээлик кылуу: https://ticket.kg/event/operatorskij-stil-i-vybor-tehniki-pod-tvorceskie-zamysly
Баяндамачы техниканы тандоонун негизи сүрөттүн автордук интонациясын жана визуалдык атмосферасын жеткирүүгө кандайча жардам берерин айтып берет. Чебер-класс режиссер Акан Сатаевдин “Райондор” тасмасы менен коштолот.
Баяндамачы жөнүндө:
Хасан Кыдыралиев – оператор, КР Эл артисти, Гонконгдогу Азия киноакадемиясынын жана Казакстандын Улуттук кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынын мүчөсү. ВГИК оператордук факультетин бүтүрүүчү (Москва шаары).
Анын фильмографиясында Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык, ТҮРКСОЙ төш белгиси, ошондой эле Астана, Барселон, Белград, Уфа жана башка фестивалдардагы мыкты оператордук иш сыяктуу эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктары бар.
13-апрель. "Кинокомпозиция. Киносүрөттөлүштөгү фундаменталдуу негиздер".
Баяндамачы: Азиз Жамбакиев (Казакстан)
Боло турган жер: “Ололо-Юрт” коворкинг-борбору (Кулатов көч, 61)
Убактысы: 14:45–18:00
Орундарга мурдатан ээлик кылуу: https://ticket.kg/event/masterklass-aziza-zanbakieva-kinokompozicia-fundamentalnaa-osnova-kinoizobrazenia
Азиз Жамбакиев кинодогу визуалдык тилдин негизги инструменти болгон кинокомпозиция тууралуу айтып берет. Анда Берлин кинофестивалында жогорку сыйлыкка ээ болгон чебердин кадрды туура түзүүнүн негиздерин билүүгө шарт түзүлөт.
Баяндамачы жөнүндө:
Азиз Жамбакиев - Борбор Азиядагы эң көрүнүктүү операторлордун бири. "Гармония сабактары" тасмасы үчүн Берлиндеги "Күмүш аюу" сыйлыгына ээ болгон, "Илхам" премиясынын жана башка эл аралык сыйлыктардын лауреаты, анын ичинде Непал менен Казакстандын киноакадемияларынын сыйлыктары да бар. AFA Азия Киноакадемиясынын мүчөсү (Гонконг).
14-апрель. "Питчинг долбооруна даярдануу: продюсердин пакети, бюджет жана каржылык план"
Баяндамачы: Юлия Шагинурова
Боло турган жер: “Ололо-Юрт” коворкинг-борбору (Кулатов көч, 61)
Убактысы: 11:00–12:30
Орундарга мурдатан ээлик кылуу: https://ticket.kg/event/masterklass-ulii-saginurovoj-podgotovka-proekta-k-pitcingu-produserskij-paket-budzet-i-finansovyj-plan
Продюсердик пакетти кантип топтоп, долбоор үчүн финансылык структураны кантип түзүү керек? Бул тууралуу Юлия Шагинурова чебер-класста айтып берет. Катышуучулар ошондой эле питчингге карата тасманы даярдоо идеясынан баштап, бюджетке чейин кантип туура мамиле кылуу керектигин үйрөнүшөт.
Баяндамачы тууралуу:
Юлия Шагинурова - 15тен ашык тасмалардын жана сериалдардын креативдүү продюсери. Берлинде жайгашкан адам укуктары тууралуу тасмаларга адистешкен Einbahnstraße Productions компаниясынын негиздөөчүсү. SESTRA Films киностудиясынын жана Борбор Азиядагы аял-режиссерлор үчүн Women Watch Uzbekistan акселераторунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Юлиянын акыркы долбоорлоруна ичинде «COTTON100%», «Russia vs Lawyers» тасмалары бар жана ал Berlinale, FIPADOC жана Artdocfest фестивалдарынын катышуучусу.