Евразия кинематографисттеринин жаштар ассоциациясы түзүлдү

Коом Загрузка... 10 Февраль 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Евразия" уюму

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 2-4-февраль күндөрү биринчи “Евразия-Кинофест” жаңырыгы" эл аралык кинофоруму өттү. Бул тууралуу кинофорумдун уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, кинофорумга 3 миңден ашуун адам келген.

Кинофорум октябрь айында өткөн Евразия-Кинофест кинофестивалынын эпилогу же уландысы болду.

Иш-чаранын максаты - Евразия континентинин өлкөлөрүн бириктирген руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын маанилүүлүгүн кино призмасы аркылуу көрсөтүү.

“Үч күндүн ичинде Бишкекте чыныгы чыгармачылык саамалык өтүп, анда континенттин бардык аймактарынан келген көптөгөн таланттуу кинорежиссерлор жана кино сүйүүчүлөр аныкталды. Кинофорумда Россиянын Эл артисти Наталья Гвоздикова, белгилүү жана сүйүктүү театр жана кино актерлору менен кесиптик жолугушуулар өткөрүлдү. Ошондой эле тегерек столдор, мастер-класстар жана “Евразия-Кинофесттин” жеңүүчүлөрүнүн мыкты тасмалары көрсөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кинофорумдун акыркы күнүндө “Евразия” уюму Евразия кинематографисттеринин жаштар ассоциациясын (MAKE) түзүлгөнүн билдирди. Ага сегиз өлкө - Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирди.

Маалым болгондой, быйыл жайында Сочиде Евразия өлкөлөрүнүн экинчи “Евразия-Кинофест” эл аралык кинофестивалы өтөт.

Маалымат үчүн: “Евразия” – эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм, салттуу баалуулуктарды сактоого жана этностор аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. “Евразия” коомдук маанилүү демилгелерди колдойт, түрдүү маданияттын өкүлдөрүнө бири-бири менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуу тармактарында долбоорлорду иштеп чыгат. Негизги багыттардын бири – мектеп окуучуларын, студенттерди, жаш адистерди колдоо.