Бишкекте үйдөн ок тийип каза болгон эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 07 Январь 2026 18:47
IMG_0415.png
copyright icon www

Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарында ок тийген эркек кишинин сөөгү табылган факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-январында саат 11:00 чамасында «102» кызматына үйдүн ичинде ок жаракаты бар эркек киши табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Чалган жаран өзүн үй кызматкери катары тааныштырып, үйдүн ээси — 1967-жылы туулган З.Х. экенин, ошондой эле маркумдун денесинин астында тапанча бар экенин маалымдаган.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.

Окуя болгон жерге барганда маалымат тастыкталган. Үйдүн ашканасында эркек кишинин сөөгү табылган. Маркумдун денесинин астынан маркасы аныкталбаган тапанча табылып, алынган. Кароо учурунда үйдөгү жалпы тартип бузулбаганы, күрөш белгилери жок экени аныкталган. Денени кароодо башка жаракаттар табылган эмес.

Жыйналган материалдардын негизинде бул окуя алдын ала өзүнө кол салуу (суицид) катары бааланууда. Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Тергөө иштери улантылууда.