Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 09 Сентябрь 2025 09:15
544955525_1185425163630208_8041703817533113186_n.jpg
546241390_1185425166963541_4966454371555116603_n.jpg
Алдыга
Артка
544955525_1185425163630208_8041703817533113186_n.jpg
546241390_1185425166963541_4966454371555116603_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо Жибек-Жолу менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган имаратта саат 22:00 чамасында тутанган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, жана штаб тартылып, кырдаалды көзөмөлгө алуу иштери ыкчам жүргүзүлдү. Өрт 22:56да чектөөгө алынып, 23:21де толук өчүрүлгөнү кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, өрттүн жалпы аянты 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Өрттүн чыгуу себептери учурда такталып жатат.