Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Кечээ түнү Бишкекте каргашалуу окуя орун алды. Анда мурдагы милиция кызматкери мурунку жубайын өлтүрүүгө шектелүүдө. Свердлов райондук милициясы "Кабар" агенттигине учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Күч органдарындагы өздүк булактардын берген маалыматына караганда, ажырашкан жубайлардын мектеп курагындагы эки баласы бар. Шектүүнүн бул төртүнчү никеси болгон.

Ал укук коргоо органдарында иштеп пенсияга чыккан, ага лейтенант наамына ээ. Пенсияга чыккан соң спорт менен алектенип, машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.
Кылмышка колдонулган тапанча шектүүнүн наамына расмий түрдө катталгандыгы аныкталды.

Окуянын чоо-жайы
2025-жылдын 23-декабрында болжол менен саат 21:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде мурдагы күйөөсү аялын атып салганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барган. Ал жерде ажырашуу процессинен кийин мурдагы жубайлар — 1978-жылы туулган У.Ж. жана 1977-жылы туулган У.Б. ортосунда кайым айтышуу орун алганы аныкталган. Натыйжада, У.Б. өзүнө катталган "МР-79" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчадан мурдагы жубайы У.Ж.ны атып жиберген. Аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.

Бул факт боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе, аталган кылмышты жасоого шектелип 1977-жылы туулган У.Б. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилүү болгондой, ыкчам кызматтар окуя болгон жерде иш алып барган. "Кабар" агенттиги жеринен алгачкы тартылган фото жана видео материалдар менен бөлүшөт.