Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Борбор калаадагы мектептерде дагы 1-2-класстарды кабыл алууга дагы 2 миңге жакын бош орун бар. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында ички миграциянын күчөп жатканына байланыштуу окуучулардын саны кескин көбөйгөн. Жалпысынан 128 миң окучууну батыра турган мектептерде 237 миң окуучуну батырууга туура келип жатат.
“Электрондук каттоонун биринчи этабында балдарды катталган дареги боюнча мектептерге бөлүштүрдүк. Азыр каттоонун төртүнчү этабы жүрүп жатат. Бул этапта катталган жери жок балдарды мектепке кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 3 миңге жакын бала мектепке каттала элек. Ошол эле учурда 2 миң бош орун бар.
Мындан сырткары, пайдаланылбай жаткан бардык жеңилдиктерди жокко чыгарып, балдарды жалпы кабыл алуу системасына коштук. Ошондуктан ата-энелер азыр да балдарын мектепке каттаса болот. Бир да бала катталбай калбайт”, — деди министр.