Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек — жылдын ар бир мезгилинде өзүнчө кооз, бирок күзүндө шаар өзгөчө бир сыйкырга бөлөнөт. Күн нурлары жумшарып, аба салкын тартып, дарактар алтын, кызгылт сары түскө боёлот.
Бул мезгил — сүрөтчүлөр үчүн накта табылга, ал эми шаар тургундары жана коноктору үчүн суктануунун жана тынчтыктын булагы.
"Кабар" агенттиги Бишкектин күзүнүн эң кооз көз ирмемдери тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.