Бишкектеги эки көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине жабылат

Коом Загрузка... 19 Май 2025 18:00
zhol-ondoo.png
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында эртең, 20-майда Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин жана Москва көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин калыбына келтирүү иштери үчүн жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштери бүткөнчө №195, 227, 8Т, 10Т, 4Т, 23, 107, 103, 7Т жана 222 автобустарынын жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, алдын ала жолду пландап, мүмкүн болсо жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.