Бишкектеги борбордук мечитте камсыздандыруу боюнча жыйын өттү

Коом 871 03 Апрель 2025 11:47
f3aa959e-be79-4da2-a044-23b4ed17967e.jpg
0bb959db-4b05-4333-8d3f-0c28f1e62a08.jpg
2ca8dd96-2f23-4ca8-af85-3041078c0cda.jpg
7cebffd0-307c-4c5d-9026-2d2e53b38129.jpg
70e78560-1ce6-4f8b-aaa2-b8adf6234171.jpg
984d37b1-e636-4116-a458-70bb50ca391c.jpg
8466edea-68eb-41fe-8322-7676549e5e86.jpg
dc5f1dc9-2766-42c8-98a8-d7d4a846153c.jpg
e6ec51d1-9a05-4ee7-b31b-5e5f76d3a8c8.jpg
eb53dd80-3165-48ea-aabf-94fcef0993e7.jpg
f16030b2-ede4-4554-8c02-d8e82be7ae4e.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик камсыздандыруу уюму

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бишкектеги борбордук мечитте мүлктү жана автоунааларды камсыздандыруу боюнча маанилүү жолугушуу өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда мүлктү, автоунааларды жана турак жайларды камсыздандыруу боюнча маанилүү демилгелерди ишке ашыруу, жарандардын жана мамлекеттик мекемелердин коопсуздугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик камсыздандыруу программалары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп , атайын презентация сунушталды .

Катышуучулар камсыздандыруунун маанилүүлүгү, жарандар үчүн пайдасы жана мамлекеттин бул жааттагы саясаты тууралуу кеңири маалымат алышты.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун аткарып жаткан иштери белгиленип, бул социалдык долбоордун элдин жыргалчылыгы үчүн ишке ашышы зарыл экени айтылды.

ОСАГО – автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу.

Мүлктү камсыздандыруу – өрт жана табигый кырсыктардан турак жайларды коргоо.