Бишкектеги Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтүү иштери май айынын аягында аяктайт

Коом Загрузка... 24 Март 2025 18:10
WhatsApp Image 2025-03-24 at 18.09.16.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтүү иштери май айынын аягында аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, көчө кеңейтилген соң алты тилкелүү болот.

“Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жарыктандыруу системалары жаңыртылып, көчө чырактары коюлат. Мурда жол жээгиндеги суулар арык менен кетсе, эми жер асты менен агат. Тротуарлар менен буга чейин жөө адамдар да, велосипед тепкендерге да өтчү.

Самокат менен келе жатып бири-бирин уруп кеткен учурлар болгон. Ошондуктан веложол өзүнчө, тротуар өзүнчө салынат. Президент тапшырма койду, шаарыбыз көркүнө чыгышы керек. Майдын аягында бул иштер бүтөт. Жарандарыбыз “Ынтымак Ордонун” жанында сейилдеп басып, эс алып калышат”, - деп белгиледи ал.