Бишкектеги №57 мектеп капиталдык оңдоодон өтүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 17:45
1786016378_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Бишкектеги №57 орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептин имараты 1962-жылы курулуп, 920 окуучуга ылайыкталган.

Бүгүнкү күндө объектте демонтаждоо иштери толугу менен аяктады. Учурда чатырды жабуу, дубалдарды шыбоо, имараттын фасадынын темир каркасын орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында инженердик тармактарды жаңылоо, имараттын ички жана сырткы жасалгалоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле фасадын жана чатырын капиталдык оңдоо каралган.