Бишкектеги 119 мектепте 10 миңден ашык мугалим эмгектенет - Бишкек шаардык билим берүү департаменти

Билим Загрузка... 01 Сентябрь 2025 12:38
WhatsApp Image 2025-09-01 at 12.17.59.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 119 мектепте 10 миңден ашык мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Мээрим Халиалдаева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, быйылкы 2025-2026-окуу жылына 40 миңдин тегерегинде балдар 1-2-класска электрондук каттоодон өтүп, учурда мектеп босогосун аттап жатышат.

“Акыркы статистикага токтолсок, акыркы 4 жылдын ичинде борбор калаада 9 жаңы мектеп, андан сырткары 15 мектепке кошумча имарат салынган. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы өз ишин мыкты аткарып, бизге заңгыраган жакшы имараттар салынып жатат”,- деди Халиалдаева.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына административдик аймактык реоформанын алкагында кошулган мектептерде, жаңы конуштарда окуучулар үчүн бош орундар бар экенин, ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мектептерде бош орундар жок экенин Бишкек шаардык билим берүү департаментинин адиси маалымдады.

Ошондой эле Бишкек шаары борбор шаар болгондуктан, өлкөдөгү ички миграцияга байланыштуу калктын саны анын ичинде балдардын да саны көп болуп жатканын Мээрим Халиалдаева кошумчалады.