Бишкекте зордуктоого шектелген мас айдоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 12 Март 2026 12:09
copyright icon Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бишкекте зордуктоого шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта саат 20:30дар чамасында "102" кызматына Васильевский трактында 20 жаштагы кызды белгисиз айдоочу зордуктап, жолго таштап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген кайгуул кызматкерлери качууга аракет кылган FAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны байкашкан.

Айдоочу милициянын токтотуу талабына баш ийбей Алматы көчөсү менен бара жатып бир нече ирет жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп, каршы тилкеге чыгуу менен жол кыймылынын катышуучуларына олуттуу кооптуу абал жараткан.

Натыйжада, кылмышка шектүү Муса Жалил жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен кармалды.

Кармалган жаран 2006-жылы туулган Т.Д.М. экендиги аныкталды. Медициналык текшерүү анын мас абалда болгонун тастыктады.

Учурда шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Жүк ташуучу унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.