Бишкекте жыл башынан бери күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга 336 миң сом айып салынды

Коом 876 06 Март 2025 10:07
481909504_1071616771680843_5507793608364588436_n.jpg
481921670_1071616715014182_192731865898839160_n.jpg
481704519_1071616695014184_6185977256571128182_n.jpg
482248033_1071616645014189_4827695150987412378_n.jpg
482318878_1071616618347525_2953157547800951831_n.jpg
482270553_1071616641680856_7909826700331006613_n.jpg
Алдыга
Артка
481909504_1071616771680843_5507793608364588436_n.jpg
481921670_1071616715014182_192731865898839160_n.jpg
481704519_1071616695014184_6185977256571128182_n.jpg
482248033_1071616645014189_4827695150987412378_n.jpg
482318878_1071616618347525_2953157547800951831_n.jpg
482270553_1071616641680856_7909826700331006613_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Бишкекте жыл башынан бери күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга 336 миң сом айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаада күйүүчү-майлоочу материалдар менен мыйзамсыз сооданы токтотуу боюнча рейддер улантылууда.

Иш-чаралар мыйзамсыз саткан сатуучулар дайыма турган жайларда – Профсоюз көчөсүн бойлой Фучик көчөсүнөн П.Лумумба көчөсүнө чейинки аралыгында, Достоевский көчөсүндө, Маевка МАБ аймагында жана башка жерлерде өтүүдө.

Рейддерге Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы, райондук администрациялардын кызматкерлери, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери катышат.

Белгиленгендей, ушул жылдын башынан бери Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзамсыз күйүүчү май саткан 112 адамга 336 000 сомго айып салынган.

Бензинди бөтөлкөлөргө саткандарга көп протоколдор Биринчи май районунда жазылган, айыптын жалпы суммасы 120 000 сомду түзөт. Андан кийин Ленин районунда 105 000 сомго 35 протокол, Свердлов районунда 78 000 сомго 26 протокол жана Октябрь районунда 33 000 сомго 11 протокол жазылды.

Белгилей кетсек, күйүүчү майды белгиленбеген жерлерде сатуунун коркунучу чоң, анткени коопсуздук эрежелери сакталбайт жана өрт же жарылуу коркунучу бар.

"Бул укук бузууга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык 3 000 сом айып салынат",-деп айтылат маалыматта.