Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бишкекте жыл башынан бери батирлердин баасы арзандап, жер үйлөрдүн баасында өзгөрүүлөр болууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кадастрдык баалоо секторунун башкы адиси Айдар Сукенбаев билдирди.
Анын айтымында, январь айында батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 1386 доллар болсо, февралда 1419 долларды түздү. Мында батирлердин баасы бир ай ичинде 2,4%га өскөнү байкалганы менен, өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 1,4%га арзандаган.
"Кыймылсыз мүлк рыногунда батирлердин баалары турукташа баштаганы байкалууда. 2025-жылга салыштырмалуу өтө деле чоң өсүш болгон жок. Ал эми жер үйлөрдүн баасы 2026-жылдын январь айында чарчы метри 1997 доллар болсо, февраль айында 6,4%га төмөндөгөнү байкалды", — деди ал.
Ошондой эле башкы адис республика боюнча баалар да кандайдыр бир деңгээлде төмөндөгөнүн белгиледи.
"Мисалы, февраль айында Бишкекте жер үйлөрдүн чарчы метри 164 миң 276 сом, ал эми батирлердики 95 миң 458 сомду түздү. Ош шаарында үйлөрдүн чарчы метри 128 миң 723 сом болсо, батирлер 83 миң 389 сом деп бааланган. Салыштырмалуу айтсак, Бишкекте январь айында үйлөрдүн чарчы метри 200 миң сом, батирлер 107 миң 743 сом болчу. Оштогу үйлөрдүн чарчы метринин баасы 102 миң 142 сом, батирлердики 86 миң 504 сом болгон. Пайыз менен алганда, Ош шаарында февралда батирлер январь айына караганда 3,6%га арзандаса, үйлөрдүн баасы тескерисинче, 26%га өскөн. Бишкекте болсо, батирлердин баасы 11,4%га, үйлөрдүн баасы 21,7%га төмөндөгөн", — деп кошумчалады Айдар Сукенбаев.
Адис аймактардагы баалар да Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардагы рыноктун абалына жараша өзгөрүп жатканын белгиледи.