Бишкекте жол инфратүзүмү жаңыланууда: Оңдоо иштери кайсы көчөлөрдө жүрүп жатат?

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Инфраструктуралык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө түрткү берген маанилүү факторлордун бири. Өзгөчө унаа жолдор элдин күнүмдүк жашоосу, экономика, соода-сатык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн чоң роль ойнойт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, айрыкча Бишкек шаарында жолдорду оңдоо жана кеңейтүү иштери күч алып, заманбап талаптарга жооп берген унаа жолдору курулууда. Бул иштердин алкагында бир катар эски көчөлөр кайра жасалып, жаңы жолдор пайдаланууга берилүүдө.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 17.01.10 (1).jpeg

Унаа жолдорунун жакшыртылышы менен шаар тургундарына, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, кыймыл коопсуздугу жогорулап жатат.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда 15 объектиде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Ал эми 16 объектиде курулуш иштери жыйынтыкталды.

"Бүгүнкү күндө 12 миң 505 метрде чуркоочу тротуарда куруу иштери жүрүп жатат. Ал эми 1 миң 900 чарчы метр жерде жалпы 3 миң 650 метрде чуркоочу тротуарды курулуш иштери жыйынтыкталды", - деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 17.01.08.jpeg

Белгиленгендей, учурда төмөнкү көчөлөрдө жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүүдө:

  • Ак-Марал көчөсү Чортеков көчөсүнөн Шералиев (өтмөк объект);
  • Алтымышев көчөсүАсаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
  • 5 кичирайону, № 16/2 үйүнөн баштап № 109 бала бакчасына чейин;
  • Алтын-Ордо конушу, Алтын-Ордо 9 көчөсү ЧЧКдан көчөнүн аягына чейин;
  • Жумабек көчөсү Баетов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
  • Нариман чакан көчөсү Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин;
  • Тендик көчөсү Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейин;
  • Власов көчөсү 9-Январь көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейин;
  • Абдымомунов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Тендик көчөсү Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейин;
  • Власов көчөсү 9-Январь көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейин;
  • Абдымомунов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Чуй проспектиси Логвиненко көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
  • Широкая көчөсү дарыядан Керамика көчөсүнө чейин;
  • Жибек-Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин.

Аталган жолдордо "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жол чийиндерди чийүү, көрктөндүрүү иштери дагы жүрүп жатат.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүү департаментинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы борбор калаанын 8 көчөсү (15 чакырым) капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүп, 4 жаңы унаа жолдору (12 чакырым) жаңыдан жасалып, 3 көпүрө курулат деп белгиленген.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 17.01.09 (4).jpeg

Жогоруда аталган оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Бул иштерге байланыштуу коомдук транспорттун айрым маршруттары өзгөртүлүп, жанаша жайгашкан көчөлөр аркылуу жүрүүдө. Натыйжада айрым жолдордо кыймыл татаалдашып, шаар тургундары үчүн белгилүү деңгээлде ыңгайсыздыктар жаралды. Ошондой эле убактылуу жабылган көчөлөрдө унаа тыгындардын саны артты.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүү департаментинин маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштери алгач Жибек Жолу проспектиси, Медеров көчөсү жана Жаш Гвардия бульварында башталган.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 17.01.10 (3).jpeg

"Учурда Жибек Жолу проспектисиндеги жана Жаш Гвардия бульварындагы жумуштардын 95 пайызы бүткөрүлдү. Мындан сырткары Лев Толстой, Московский жана Курманжан Датка көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Шабдан Баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы толугу менен бүттү. Лермонтов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки 1,5 чакырым жол аягына чыгарылды. Курулуш сезону апрель айынан октябрь айына чейин болгондуктан, 8 көчөнүн 80 пайызын 31-августка чейин оңдоп жетишүүгө аракет жасалат.

Иштерди графиктен алдын ала бүтүп жатат. Азырынча кечигип жаткан учурлар катталган жок. Баары өз убагында жүрүп жатат.

Ал эми жаңы 4 көчөнү куруу иштери былтыр башталган. Атап айтканда, мурда унаа каттамы жүрбөгөн жаңы көчөлөр ачылып жатат. Азыркы учурда Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды. Жаңы салынган жол 1,4 чакырым аралыкты түзүп, туурасы 9 метрге жетет. Унаа жолунун эки тарабына ирригациялык тутум орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулган. Лев Толстой жана Горький көчөсү менен кесилишине жол чырактар орнотулду, бардык жол белгилери чийилди жана орнотулду. Ал эми Бакаев көчөсүнө 31-августка чейин темир жол өтмөгү курулат. Муну менен анын биринчи этабын бүтөт”, - деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2025-07-15 at 17.01.10 (2).jpeg

Ал эми борбор калаанын түштүк зонасындагы жаңы жолдор булар - Сухэ-Батор, Ахунбаев, Ауэзов жана Токтоналиев көчөлөрү.

Учурда Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев проспектисинен Айтматов проспектисине чейинки 700 чакырым 300 метр аралыгында курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми калган үч көчө долбоорлоо этабында. Экспертизадан өткөрүлгөн соң курулуш иштери башталат.