Бишкекте жол чийиндери жаңыланууда

Коом Загрузка... 15 Май 2025 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 15.05.2025 /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында жол чийиндерин жаңыртуу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Мурманская көчөсүндө Садыгалиев көчөсүнөн Алыкуловго чейин иш жүрүп жатат. Буга чейин Алыкулов көчөсү Селекция көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейин, Элебесов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен  "Ак-Тилек" конушунун Дордой көчөсүнө чейин, Шопоков көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин,  Баялинов көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин иштер аяктаган.

Мыскал-Кеңеш, Мыскал-Баран-Баглан, Мыскал-Сейил, Чортеков-Эр-Тайлак, Садырбаев-Островский, Теңдик-Мыскал, Көлмө орто мектеби, Мыскал-Тынчтык, Мыскал-Илим, Баялинов-Донская, Баялинов-Панфилов, Баялинов-Логвиненко, Баялинов-Серов, Киев-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Киев-Шопоков, Чүй-Байтик баатыр, Баялинов-Курган, Максат, 4, Максат-Теңдик, Тоголок Молдо-Саадаев, Саадаев-Профессор Зимы, Саадаев-Чүй 53, Профессор Зима- №101 орто мектеби, Профессор Зима, 186, Садырбаев-Орто, Садырбаев-Сыдыгалы, Эр-Тайлак, 134, 148, Эр-Тайлак-Чортеков, Лев Толстой-Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө кишилер өтүүчү өтмөктөр жаңыланды.