Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. 6-августта саат 15:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Жибек жолу – 2026" кыргыз-кытай маданий алмашуу программасынын алкагында уюштурулган "Айыл" аттуу эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөгө Кытайдын ар кайсы аймактарынан келген сүрөтчүлөрдүн, чыгармачыл окуу жайлардын окутуучуларынын, изилдөөчүлөрдүн жана жаш чыгармачыл өкүлдөрдүн эмгектери коюлат.
Долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыгармачыл байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Көргөзмөнүн ачылышынан кийин заманбап искусство жана маданий кызматташтык темасында кесиптик жолугушуулар менен талкуулар өткөрүлөт.