Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги үчүн “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан жаңы онлайн кызматтардын бет ачары болуп өттү.
Мекеменин Бишкек филиалынын директору Нуржан Талантбек уулу белгилегендей, санариптештирүү программасынын алкагында жарандарга жаңыланган электрондук кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.
"Бүгүн биз тиркеме аркылуу санариптик кызматтарды кантип ыңгайлуу жана эффективдүү колдонууну көрсөттүк. Биздин негизги максат - жарандарга сапаттуу жана тез мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү. "Түндүк" колдонмосуна акырындык менен жаңы функциялар кошулуп жатат жана биз жарандарды аларды активдүү колдонууга чакырабыз. Бул маселелерди ачык-айкын, узун кезексиз чечүүнүн эффективдүү жолу", - деди ал.
Анын айтымында, жыл башында тиркемеде саналуу гана функциялар бар болсо, бүгүнкү күндө алардын саны сегиз-тогузга көбөйдү. Буга чейин кызмат сертификаттарды алууга гана уруксат берсе, эми аны сатып алуу жана ижара келишимдерин, техникалык паспортторду каттоо жана башка кызматтарга арыздарды тапшыруу үчүн колдонсо болот.
"Алдыда тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Келечекте жарандар үйдөн чыкпай эле мамлекеттик кызматтардын бардыгын ала алышат", - деп кошумчалады ал.
Филиал жетекчиси кошумчалагандай, учурда санариптик кызматтарды колдонгондор аз.
"Тилекке каршы, бардык эле жарандар санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланбай эски кагаз ыкмаларын колдонууну улантууда. 2025-жылы биздин филиалга тиркеме аркылуу 96 гана кайрылуу түшкөн. Ал эми күн сайын мүлкүн каттоого 200гө жакын адам кайрылса, башка филиалдарга 2000ге жакын жаран кайрылат", - деп айтты Нуржан Талантбек уулу.