Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында “Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек”, аттуу жаштар форуму болуп өттү.
ИИМден билдиришкендей, аталган форум министрлер кабинетинин “2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде уюштурулган.
Форум "Борбордук Азиядагы зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу" долбоорунун алкагында Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен өткөрүлүп, ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Алгач форум Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталып, андан соң ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүү менен улантылды.
Ошондой эле, жаштар арасындагы укук бузуулар, экстремизм жана бангизатын алдын алуу маселелери боюнча презентациялар жасалып, тиешелүү көйгөйлөргө көңүл бурулду. Катышуучулар өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип, ийгиликке туура жетүү жолдору тууралуу талкуулашты.
Форумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин жаш депутаттары, белгилүү спортчулар, кино жаратуучулары жана актерлор өздөрүнүн жетишкендиктери менен бөлүшүп, ийгиликке жетүү жолдору тууралуу пикир алышып, турмушта өзүнө ишенүүнүн маанисин жана терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектигин белгилешти.
Иш-чарада жандуу программа уюштурулуп, анын ичинде жаштарга багытталган көптөгөн чыгармалар жана талкуулар болду. Андан соң, форумдун катышуучуларына жана конокторуна ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө, форумдун маанисин жана анын жаштарга болгон таасирин белгилеп, форумдун максатына жетүүгө салым кошкон бардык катышуучуларга ИИМдин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирди.
Жаштар форуму флешмоб менен жыйынтыкталып, катышуучулар өздөрүнүн коомдук көз караштарын жана укук бузууларды алдын алуу боюнча маанилүү билдирүүлөрүн коомго жеткиришти.
Белгилей кетсек, форумдун негизги максаты - жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жаштар арасында укуктук маданиятты жакшыртуу болуп саналат.