Бишкекте жатаканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 03 Январь 2026 00:06
IMG_0222.jpeg
IMG_0223.jpeg
IMG_0224.jpeg
IMG_0225.jpeg
IMG_0227.jpeg
IMG_0226.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0222.jpeg
IMG_0223.jpeg
IMG_0224.jpeg
IMG_0225.jpeg
IMG_0227.jpeg
IMG_0226.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 03.01.26. /Кабар/. Бишкекте жатаканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-январда Биринчи Май районунда жайгашкан жатаканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Коопсуздук чараларынын алкагында окуя болгон жерден жалпысынан 150 студент эвакуацияланган. Өрт кырсыгы саат 23:46да толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоонун аянты болжол менен 380 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар катталган жок.