Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Бишкекте жашылча-жемиш сактоочу кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 21-августта Көк-Жар айылында кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:55тен тарта жалпы 3 бөлүм жана 2 суу ташыгыч унаа тартылып, өрт өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жеке менчик даяр продукция сакталган кампа сэндвич панелдерден салынган. Ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим ящиктер, кожогат, кулпунай жана башка жемиштер болгон. Болжол менен 1500 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.