Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Борбор калаада жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында райондун аймагында жайгашкан мектептерде бир нече жолу лекциялар уюштурулду.
2025-жылдын январь айында Свердлов районунун прокуратурасынын кызматкерлеринин катышуусунда №51, №53, №105, №115 орто мектептерде "Буллинг, суицид жана жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу" темасында лекциялар өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, февраль айында №115 мектеп-гимназиясында "Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зомбулуктун, буллингдин алдын алуу" темасында жолугушуу болгон. Иш-чарага Свердлов акимчилигинин, райондук билим берүү башкармалыгынын, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана 9-11-класстын окуучуларынын ата-энелери катышкан.
Райондук прокуратура тарабынан бул багытта туруктуу негизде иштер жүргүзүлүп турары айтылды.
Жыл башынан бери райондук прокуратура тийиштүү кызматтардын дарегине ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө жалпысынан 5 сунуш жана 1 талап, ошондой эле ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө 2 эскертүү келтирилген.