Бишкекте жаш техниктер станциясынын заманбап имараты курулууда

Коом 2 март 2026 14:00
1772430260_large.jpeg
1772430230.jpeg
1772430234.jpeg
1772430238.jpeg
1772430242.jpeg
Алдыга
Артка
1772430260_large.jpeg
1772430230.jpeg
1772430234.jpeg
1772430238.jpeg
1772430242.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Борбор калаанын Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде Жаш техниктер станциясынын жаңы, заманбап имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда объектте ички жасалгалоо жана фасаддык жумуштар аткарылууда. Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер төлөсү менен 5 кабаттуу болуп курулууда. Анда окуу кабинеттери, астрономиялык обсерватория, музей, конференц-зал, бий жана актовый залдары, китепкана жана машыгуу залы каралган.

Мындан тышкары, имараттын аймагында спорттук аянтча, автомодель жана картинг боюнча машыгуу зоналары, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн жабык бастырма курулат.

Долбоор балдардын чыгармачылык жана техникалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.