Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында “Жаш мугалим депозити” программасы менен 500 мугалим иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин бөлүм башчысы Гүлмира Акматова радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аталган программа 2010-жылдан тарта иштеп келе жатат. Максаты - шаардын жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди тартуу жана дайындоо, шаардын билим берүү уюмдарын кадрлар менен камсыздоо, жаш мугалимдерди материалдык жактан колдоо, жаш адистердин иштөөсү үчүн социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу.
”Жаш мугалим депозити боюнча” атайын жобо иштелип чыккан. Жобо боюнча жыл сайын биз “Жаш мугалим депозити” сынагын жарыялайбыз. Сынак эки тур менен өткөрүлөт. Биринчи турда тестирлөө, экинчи турда аңгемелешүү болот. Сынакты жеңген мугалимдер менен мектепте 3 жыл үзгүлтүксүз иштөө боюнча келишим түзүлүп, жыйынтыгында 90 миң сомго жакын акча төлөнөт. Эгерде үч жыл аралыгында мектепте иштебей калса депозит төлөнүп берилбейт”,-деди ал.