Бишкекте хирургия жана трансплантологиядагы инновациялар талкууланууда

Ден соолук 156 20 Август 2026 16:05
c83c1155-6ce8-4b38-90a9-990ff6415971.jpg
2.jpg
5bbc18bf-b4ce-4aac-8df4-cee6ae871dde.jpg
82c03705-45fc-4de1-930c-319f78ec4a20.jpg
108f1632-3a89-4332-8bc7-0bb7066b57f1.jpg
27522a25-cc90-473c-8a05-a47c6c1cde49.jpg
032793ac-24c9-407a-89c5-0ef45c825c72.jpg
601340d3-0c88-4edd-aaab-6404c27e1610.jpg
b99aa380-ab48-4a8d-98c1-2f7485c923e7.jpg
da547b14-b138-43b0-b5a9-864a0fd2f6ea.jpg
ebae1077-1a72-436f-a32e-082931f3172c.jpg
ef7434e6-993b-4266-9b0f-63c5e4dc4862.jpg
fa8b3a3e-7bbb-4c0c-bda4-8994a9295177.jpg
fad84532-6026-40c4-9e70-961b11077ccc.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкекте хирургия жана трансплантологиядагы инновациялык технологияларга арналган IX эл аралык илимий-практикалык конференция башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтүүдө.

Конференцияга Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы адистери катышып, заманбап хирургия жана трансплантологиядагы жетишкендиктерди талкуулоодо. Анда роботтоштурулган жана аз инвазивдүү операциялар, жасалма интеллект, хирургиялык навигация, онкологиялык хирургия жана жогорку технологиялык медициналык жардам маселелери каралууда.

Министр Дамирбек Осмонов заманбап технологиялар бара-бара клиникалык практиканын маанилүү бөлүгүнө айланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы технологияларды өздөштүрүү менен катар аларды натыйжалуу колдоно алган медициналык адистерди даярдоого да өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Конференциянын алкагында адистер татаал клиникалык учурларды талдап, тажрыйба алмашып, инновациялык ыкмаларды медициналык практикага киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Иш-чара 21-августта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында уланат.