Бишкекте “Виват, рояль!” II эл аралык фортепиано фестивалы башталды

Маданият Загрузка... 29 Май 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек 29.05.25 /Кабар/. Кечээ, 28-майда П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде “Виват, рояль!” II эл аралык фортепиано фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди.

Фестивалдын биринчи күнү мастер-класстар өтүлдү. Ага катышып жаткан жаш таланттарга, педагогдорго Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесиндер атындагы музыкалык окуу жайынын фортепиано классынын мугалими, эл аралык сынактардын лауреаты Анна Арзаманова жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Курмангазы атындагы казак улуттук консерваториясынын доценти, Жамбыл атындагы казак мамлекеттик филармониясынын башкы солисти Гульнара Курамбаева өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлзинат Суранчиева фестивалдын расмий бөлүгүн ачып, мындай иш-чаралар жаштардын чыгармачылыгын колдоого, эл аралык тажрыйба алмашууга чоң салым кошорун белгиледи.

Фестиваль алдыдагы күндөрү да уланат. Программада чыгармачыл жолугушуулар, педагогикалык семинарлар жана таланттуу катышуучулардын аткаруусундагы музыкалык номерлер бар. Ал 30-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт менен жыйынтыкталат.