Бишкекте күчөгөн вирустук оорулар Гонконг тумоосу эмес — дарыгер

Маек Загрузка... 26 Ноябрь 2025 17:35
грипп 1.jpg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Күз-кыш мезгили башталганда сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу оорулардын күч алышы кадимки көрүнүш. Учурда да Кыргызстанда бул оорулардын көбөйгөнү байкалууда. Адатта, октябрь айынын ортосунан тарта вирустук инфекциялардын активдүүлүгү жогорулайт. “Кабар” агенттиги Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен маектешип, ооруканадагы абал тууралуу бир катар суроолорго жооп алды.

грипп 5.jpg

Учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында канча бейтап дарыланууда. Орундардын жетишсиздиги жаралган жокпу?

Мурда биздин ооруканага күн сайын 200–250 бейтап кайрылчу. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 400дөн 500гө чейин жетүүдө. Алардын ичинен 30 пайызы ооруканага жаткырылып, ар бирине дарыланууга орун жетиштүү камсыздалууда. Калган 70 пайызына дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүп, үй шартында дарыланууга жиберип жатышат. Мындан улам кабыл алуу бөлүмүндө бейтаптардын кезеги көбөйүп кеткен. Айрым бейтаптар оор абалда болбосо да “дарыгерге көрүнүп коеюн” деп келишип, чоң кезек жаратышууда. Мындай учурда бейтаптар өздөрүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлерине кайрылса жакшы болмок. Кабыл алуудагы оордукту жеңилдетишмек эле.

грипп 2.jpg

Ошентсе да биз ооруканага кайрылган ар бир бейтапты кабыл алып жатабыз. Эч кимди кабыл албай койгон жокпуз. Бирок, биринчи кезекте оор абалда келген бейтаптарга көңүл бурабыз. Бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жалпы 587 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 433ү – балдар. Учурда ооругандардын 90 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

грипп 4.jpg

Вирустун кайсы түрү жүрүп жатат?

Кыш мезгилинин башталышы менен курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук инфекциялары күчөйт. Бул көрүнүш бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө да байкалат. Себеби, суук мезгилде адамдын иммунитети алсырайт. Эл арасында учурда “Гонконг тумоосу чыгыптыр” деген маалыматтар тарап жатат, бирок бул чындыкка дал келбейт. Соңку маалыматтарга ылайык, учурда A/H3N2 вирусу жалпы катталган учурлардын 91,3 пайызын түзүүдө.

Жогоруда бейтаптардын ичинде 14 жашка чейинки балдар көп ооруп жатканын белгиледиңиз, ата-энелерге кандай кеңеш бересиз?

Азыр балдар онлайн окууга өтүштү. Бул абдан жакшы чечим болду. Себеби, курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук инфекцияларынын жана грипптин жайылышын алдын алууда бир аз да болсо көмөк көрсөтөт. Анткени, вирус негизинен жабык мейкиндиктерде бат жугат. Учурда оорулардын күч алган мезгилинде чоңдор да, балдар да эл көп чогулган жерлерге баруудан карманып туруулары зарыл. Бул биринчиден, өз ден соолугуңарды, экинчиден, башкалардын саламаттыгын сактоого жардам берет. Эгер оорунун белгилери байкалса, өз алдынча дарыланбай, сөзсүз түрдө медицина кызматкерлерине кайрылуу керек. Санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоо да өтө маанилүү. Ата-энелерге кеңеш, балдарыңызды убактылуу оюн-зоок жайларына жана эл көп чогулган жабык жайларга алып барбай туруңуздар. Бул оорунун жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу.

грипп 1.jpg

Профилактикалык эмдөө зарылбы? Сасык тумоого каршы вакцинанын пайдасы барбы?

Вирустук инфекциялар менен негизинен жаш балдар жана улгайган адамдар көп ооруп жатышат. Анткени, бул курактагы адамдардын иммунитети салыштырмалуу алсыз болот. Ошондуктан, эң оболу дал ушул топтор арасында эмдөө жүргүзүү маанилүү. Эмдөө оорунун алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы жана бул жалпы профилактиканын маанилүү бөлүгү.