Бишкекте унаа тетиктерин саткан кампа өрттөндү

Кырсык Загрузка... 01 Январь 2026 12:37
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Жаңы жылдын алгачкы күнү өрт өчүрүүчүлөр Бишкекте тилсиз жоо менен күрөштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Патрис Лумумбы көчөсүндөгү унаа тетик сатуучу кампадан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:05тен тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, штаб иштеп, өрт саат 07:13тө толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоо болжол менен 350 чарчы метрди кучагына алган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.