Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган маркалардын топтомунун бет ачары өттү

Коом Загрузка... 23 Апрель 2025 15:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Кыргыз-Россия Славян университетинде бүгүн Кыргызстандын почта маркаларынын топтомунун бет ачары өттү. Маркалар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Советтер Союзунун баатырларына жана тылда эмгектенгендерге арналган.

“Российская газета - Кыргызстан” редакциясынын директору Дмитрий Евлашковдун айтымында, топтомду даярдоо идеясы 2024-жылдын ноябрь айында жаралган. Негизги кыйынчылыктар каражат табууда жана Кыргызстан менен байланышкан Советтер Союзунун баатырларынын так санын тактоодо болгон. Булактардан алынган маалыматтарда алардын саны 73төн 78 кишиге чейин жетти.

73 почта маркаларынын топтому Улуу Жеңиштин мааракесине арналып, россиялык ишкерлердин колдоосу аркылуу Беларуста 250 даана тираж менен чыкты.

“Кыргыз почтасы” ишканасынын башкы директору Марат Черикчиев майрамдык чыгарылыштагы маркалар сатыкка чыгарылбай тургандыгын айтты. Бирок келечекте коллекционерлер үчүн кошумча тираж менен чыгаруу пландалууда.

Топтомдордун бир бөлүгү Россиянын элчилиги аркылуу Москвага жөнөтүлүп, 9-майда Кызыл аянттагы майрамдык иш-чараларга катышат. Андан ары маркалар музейлерге жана мамлекеттик мекемелерге таратылат.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов маалымдагандай, экземплярлар музейлерге, Россиянын президентинин администрациясына, Мамлекеттик Думага, Коргоо министрлигине жана башка органдарга берилет.

Ошондой эле “Российская газета – Кыргызстан” редакциясы маркаларды баатырлардын жакындарына берет. Жакын арада басылма Даңк орденинин Кыргызстандагы ээлерине да арнап маркаларды чыгарат.