Бишкекте Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу талкууланды

Коом 25 сентябрь 2025 17:50
554063866_1244496241053380_5324873548628143417_n.jpg
553951954_1244496454386692_9134391648197280504_n.jpg
553580353_1244496604386677_8419303925805658861_n.jpg
554976277_1244496414386696_2700055496618399718_n.jpg
554992516_1244496617720009_4628976522449606483_n.jpg
554997590_1244496394386698_2645142217060317523_n.jpg
555424543_1244496391053365_8816375197107381888_n.jpg
Алдыга
Артка
554063866_1244496241053380_5324873548628143417_n.jpg
553951954_1244496454386692_9134391648197280504_n.jpg
553580353_1244496604386677_8419303925805658861_n.jpg
554976277_1244496414386696_2700055496618399718_n.jpg
554992516_1244496617720009_4628976522449606483_n.jpg
554997590_1244496394386698_2645142217060317523_n.jpg
555424543_1244496391053365_8816375197107381888_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өттү.

Анда министрликтин президенттин "Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы талкууланды.

Мурдагы тажрыйбада стратегиялык документтерди сырттан келген эксперттер жазып келген болсо, бул жолу тандоо маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу чечими кабыл алынды. Жалпысынан алганда пландын учурдагы редакциясы жакшы баа алды, бирок аны иштеп чыгуу процессинде Эмгек министрлигинин миссиясын ага жетүүдө күчөтүү зарыл.

"Биз бул Программа менен 5 жыл жашайбыз жана иштейбиз, ошондуктан буга чейин эмнелер эске алынбай калган болсо, алардын баарын планга киргизип, ишке ашыруу керек", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов.

Жаңы дайындалган эмгек министри К.Сагынбаев пландын долбооруна киргизилген чараларга бирдиктүү мүнөз берүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын катышуучулары өнүгүүнүн негизине демографиялык процесстерди, бир жагынан жашоо узактыгынын жогорулашын, экинчи жагынан төрөттү стимулдаштырууну киргизүү чечимин кабыл алышты. Өзгөчө көңүл баланын алгачкы үч жылдык активдүү өсүү мезгилинде колдоо чараларына бурулду.

Ишке орноштуруу маселелеринде иш менен камсыз кылууну камсыз кылган уюмдардагы турак жай фондун калыбына келтирүү, ошондой эле башка шаарлардан келгендерге жатакана берүүнү кароо сунушталды. Эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо максатында жумуш берүүчүлөрдүн кызматкерди тиешелүү атайын кийим жана атайын бут кийим менен камсыз кылуусуна көңүл бурулду (спец.одежда).

Санарип күн тартибинин алкагында жасалма интеллект элементтерин колдонгон проактивдүү программаларды киргизүү зарылдыгы да көңүл сыртында калган жок. Жыйынтыгында, планды жалпы жонунан дагы да жагымдуу жана натыйжалуу кылуу максатында бир катар кошумча демилгелерди иштеп чыгып, долбоорго киргизүү чечими кабыл алынды.