Бишкекте «Улуттук коопсуздук» тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду

Маданият 15 Октябрь 2025 09:48
WhatsApp_Image_68RKNgQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_onYDMnQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_r5rOCR2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_3aMy0ML.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_6IGYKLg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Кечээ, 14-октябрда Бишкек шаарында УКМК тарабынан тартылган «Улуттук коопсуздук» аттуу тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Фильмде Кыргызстандын акыркы 30 жылдагы тарыхы баяндалат. Тасманын узактыгы болжол менен эки жарым саатты түзөт.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрага орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, санариптик өнүгүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Тасманын сценарийинин автору жана режиссёру — Медербек Жалилов.