Бишкекте Улуттук банктын жаңы имараты ачылды

Президент 1048 28 Октябрь 2025 13:55
WhatsApp_Image_5Mf31gR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
WhatsApp_Image_Q6ASWCl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_SisqXs3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_5Mf31gR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
WhatsApp_Image_Q6ASWCl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_SisqXs3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Кыргызстандын Улуттук банкынын жаңы имараты ачылды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Улуттук банкынын жаңы имараты Калык Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

"Бүгүн биз өлкөбүздүн финансылык тарыхында жаңы барак ачып жатабыз. Бул күн – эгемендигибиздин, туруктуулугубуздун жана элибиздин ишениминин символу болгон маанилүү күн. Биз бул жерге улуттук валютабызды колдоп, республиканын банк жана төлөө системаларынын ишин камсыз кыла турган Улуттук банкыбыздын жаңы имаратын ачуу үчүн чогулдук.

Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетибиздин туруктуу өнүгүү жолундагы ишенимдүү кадамды, жаңыланууну тастыктаган чоң окуя!

Ушундан улам, баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы имаратынын ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын", - деди өз сөзүндө мамлекет башчысы.