Бишкекте "U Nexus Hub" билим берүү стартап борбору ачылат

Билим Загрузка... 17 Октябрь 2025 15:43
b54a26f9ad611d7d43b.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. КР Эл аралык университетинде "U Nexus Hub" инновациялык борборунун (Стартап-борбор) салтанаттуу ачылышы болот.

Бул борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун "КР Эл аралык университетин инновациялык академиялык кластер түзүү аркылуу модернизациялоо" долбоорунун алгачкы этабы болот. Бул – Кыргызстанда жогорку билим берүү жана илим чөйрөсүндө МЖӨ механизмин колдонуунун биринчи мисалы.

Эл аралык университет билим берүү, илим жана бизнестин потенциалын бириктирген "Университет 4.0" концепциясын ырааттуу түрдө киргизүүдө.

Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү

Жогорку билим берүүдө МЖӨ механизмин киргизүү университеттин базасында бул модель биринчи жолу ишке ашырылууда. Тартылган инвестициялар инфраструктураны модернизациялоого, окуу жайды санариптештирүүгө, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жана академиялык автономияны кеңейтүүгө багытталат.

Университетти академиялык инновациялык борборго трансформациялоо Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети билим берүү, илим жана бизнести бириктирген жаңы форматтагы инновациялык аянтчага – Университет 4.0го айланууда. Келечектеги экономиканын талаптарына багытталган заманбап билим берүү программалары киргизилүүдө.

Эл аралык инновациялык бизнес үчүн инвестициялык платформа түзүү Университеттин базасында чет өлкөлүк инновациялык компанияларды Кыргызстанга тартуу жана масштабдоо үчүн экосистема түзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууга Soon Chun Hyang University (Түштүк Корея) көмөк көрсөтүүдө.

Жаңы университеттик экосистеманы түзүү Университет инновациянын, баарлашуунун жана тажрыйба алмашуунун мейкиндигине айланып, студенттер жана жаш адистер өзүн-өзү ишке ашырууга жана кесиптик өсүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу Негизги демилгелердин арасында – БУУнун резолюциясынын алкагында Глобалдык Тоо университетин түзүү, ошондой эле жашыл энергетика, дрон-технологиялар жана электромобилдерге кызмат көрсөтүү жаатындагы компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган "Лубань устаканасы" жана "Таза энергия" долбоорлору бар.

Архитектуралык мурасты сактоо Долбоордун алкагында Бишкектин архитектуралык эстелиги болгон тарыхый имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап инновациялык академиялык бизнес-хабга айландырылды.