Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 24 Декабрь 2025 16:10
606030618_1273673568138700_4954489516593132917_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бишкекте Логвиненко көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт саат 15:40да толук өчүрүлдү.

ӨКМден билдиришкендей, өрттүн аянты болжол менен 30 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өрт тууралуу маалымат түшөрү менен 2 күжүрмөн эсеп, штаб тартылып, ыкчам чараларды көрүштү.