Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жумуш орундар жарманкеси ачылып, ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкеде 60ка жакын компаниялар ар түрдүү тармактар боюнча 5 миңге жакын бош жумуш орундарын сунушташууда.
Анын катарында: "Coca-Cola" ЖАК, "Бишкексүт" ААК, "Баркад" ЖЧК , "Мегаком" ЖАК, "Скай Мобайл" ЖАК, "Бай Таш Групп" ЖЧК, "Элдик банк", Мбанк, Hyatt Regency Bishkek, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана башкалар бар.
Министр Равшанбек Сабиров белгилегендей, жарманке калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө, эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, бардык мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Ошондой эле жарманкеге катышуучулар мастер-класстарга, кесиптик оюндарга жана викториналарга катышып, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар, кыска мөөнөттүү курстар, жаштар үчүн тажрыйба программалары тууралуу кеңештерди алышты.
Белгилей кетсек, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев жаштар үчүн мастер-класс өткөрдү.