Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегия” аттуу тоо-кен тармагынын форумуна катышты.
Форумдун максаты – глобалдык экономикалык трансформация шартында тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу болду. Мамлекеттин, бизнестин жана коомдун кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого, ошондой эле өлкө экономикасынын негизги секторлорунун бири катары тармактын узак мөөнөттүү туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы өлкө экономикасында негизги орунду ээлеп, ал экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы, экспорттук кирешелердин олуттуу бөлүгүн камсыздайт жана мамлекеттик бюджетти толтуруунун маанилүү булагы экенин белгиледи.
“Акыркы беш жылда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө тармактын ачык-айкындуу иштөөсүн жогорулатууга жана мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган системалык реформалар жүргүзүлдү. Натыйжада лицензиялоо системасы иретке келтирилип, жер казынасын пайдалануучулардын жоопкерчилиги жогорулатылды. Ошол себептүү, тармактын финансылык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Жетишилген натыйжаларга карабастан, тармактын алдында жаңы бийиктиктер, маанилүү милдеттер турат. Технологиялык өзгөрүүлөрдүн жана экологиялык жоопкерчиликке болгон талаптардын өсүшүнүн шартында биз узак мөөнөттүү жана тең салмактуу өнүгүү стратегиясын түзүшүбүз керек”, - деп белгиледи Эрлист Акунбеков.
Форум мамлекеттик органдардын, бизнес, илим жана билим берүү өкүлдөрүн бириктирген, өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналган негизги тармактык аянтчалардын бири болду.
Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, ошондой эле “Кыргызалтын” ААК, “Кумтор Голд Компани” ЖАК, “Алтын Кен” ЖЧК, “Алтын Альянс” ЖЧК, “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК сыяктуу алдыңкы тоо-кен компанияларынын жетекчилери, мындан тышкары илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана алдыңкы Жогорку окуу жайлардын башчылары катышты.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык экологиялык стандарттарды киргизүү, казып алуу өнөр жайында технологиялык жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү, ошондой эле 2035-жылга чейин тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүү маселелерин кеңири талкуулашты. Мындан тышкары тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана минералдык-сырьёлук базаны рационалдуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.