Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, Бишкектеги таштанды полигону дээрлик 50 жылдан ашуун убакыттан бери, СССР мезгилинен бери толуп, күйүп-түтөп, шаарды каптап, экологиялык чоң көйгөй жаратып келген. Эми ал жерде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп, ишке кирди.
"Ал жерде темир-тезек чогулткан адамдар ар кандай илдеттерге кабылып, таштандылардан учкан желим баштыктар айлана-тегеректеги талааларды каптап, карга-кузгун мекендеген жагымсыз аймакка айланган эле.
Президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүү иштери алгач полигондо күйүп-түтөп жаткан өрттү толук өчүрүүдөн башталды.
Андан соң таштандылар топурак менен көмүлүп, рекультивация жүргүзүлүп, бак-дарактар отургузулду.
Кийинки этапта таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу тапшырмасы коюлуп, буюрса, заводдун курулушу толук аяктап, азыр ишке кирди. Жакын арада расмий ачылышы болот", - деди ал.
Ошондой эле Дайырбек Орунбеков Бишкек шаарында суткасына болжол менен миң тоннадай таштанды чогуларын, завод күнүнө 1200 тонна таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүп чыгарарын айтты.
"Таштандыны кайра иштетүүнүн натыйжасында 30 МВт электр энергиясы өндүрүлөт. Күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгы болгон күлдөн курулуш материалдары чыгарылат.
Ошентип, Бишкек шаарында таштандыларды толугу менен жок кылып, анын калдыктарын да курулуш материалына айланткан заманбап завод курулуп бүттү. Мындай завод эми башка ири шаарларда дагы курулат.
Мамлекетибизде мына ушундай жакшы иштер, алдыга жылуулар болуп жатат", - деп кошумчалады ал.