Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын 4-кичи районунда сугат системасы жок болгондуктан, бак-дарактарды отургузуу боюнча пландалган иштер токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арык курууну аяктоо жана сугат иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Шаар башчысы жашыл көчөттөрдү отургузуу аларды мындан ары багуу жана суу менен камсыз кылуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөндөн кийин гана жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.
“Сугат системасы жок жерлерге бак-дарактарды отургузууга таптакыр тыюу салам. Алгач арык системасын куруу иштерин толук бүтүрүп, сугат үчүн суу менен камсыз кылуу зарыл. Андан кийин гана көчөттөрдү отургузууга киришүү керек. Бул аймакка сөзсүз түрдө бак-дарактарды отургузабыз, бирок бардык зарыл шарттар түзүлгөндөн кийин гана”, — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.