Бишкекте Сооронбай Жусуевге эстелик ташы орнотулду

Коом 914 12 Май 2025 12:38
496011143_994075299550893_7134565992889781422_n.jpg
495905986_994075499550873_5642307686439329349_n.jpg
496767578_994076106217479_8771092851293924516_n.jpg
496253629_994076089550814_1890171007941220904_n.jpg
496228244_994076086217481_8011456460932911863_n.jpg
496256257_994075419550881_1858445231940330792_n.jpg
496525570_994075919550831_4548016099594380782_n.jpg
495955010_994075436217546_8426122598122870100_n.jpg
496255556_994075442884212_5938538800025677047_n.jpg
496303734_994075902884166_7846048883550301174_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек,12.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, ІІІ даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы сейил бакта акындын эстелик ташы орнотулду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана акындын жакындары, замандаштары, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, күйөрмандары катышты.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жусуевдин эстелик ташын орнотуу демилгеси акындын туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылды.