Кыргыз элинин чыгаан акыны Сооронбай Жусуевдин көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Ушул күндөрдө акындын мааракесине арналган иш-чаралардын жумалыгы өтүп, бүгүн мамлекеттик деңгээлдеги театралдаштырылган музыкалык-адабий салтанат өткөрүлдү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку Кеңештин төрагасы, маданият, маалымат жана жаштар министри, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, акындын шакирттери жана замандаштары катышты.
Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуев Улуу Ата Мекендик согуштун да катышуучусу. Ал 1943–1945-жылдары кадимки И.Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөп, эки жолу жарадар болгон. Акын көп кырдуу таланттын ээси болгондуктан ыр түрүндө көлөмдүү романдарды жазып, дүйнөгө таанымал акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Анын 30дан ашык китеби жарык көрүп, 70тен ашык ырларына обон жазылган.

Салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев акынды эскерип жатып, “Кыргыз улуттук профессионал адабиятынын бараандуу өкүлү, көркөм сөз өнөрүнүн чебери - Сооронбай Жусуев бүткүл өмүрүн, талантын эли-журтуна арнаган чыныгы патриот акындардын сап башында турат. Мындай залкар инсандардын руханий мурастарын жаштарга жеткирүү бүгүнкү күндүн парзы. Анын калтырган чыгармалары мындан ары да элдин көкүрөк күчү болуп, келечек муундарга дем-күч, руханий байлык болоруна ишеним чоң” – деди.
Ошондой эле, “Өлкө президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекет туруктуу өнүгүүгө карай багыт алып, өнүгүү жолуна түшкөндөн бери өрнөктүү өмүр сүрүп, улуттун сыймыгына айланган залкар инсандарды даңктап, даңазалап алууга мүмкүнчүлүгүбүз да жетиштүү болуп калды. Маданиятты колдоо үч эсеге өстү. Быйылкы жылдын 2-апрелинде мамлекеттин жалпы улуттук ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеси бекитилип, Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси жалпы улуттук мааниде белгиленсин деген тапшырма берилген. Мунун алкагында акынга арналган жүздөн ашуун иш-чара өткөрүлөт. 12-майда Тоголок Молдо атындагы сейил бакта акындын эстелик ташы орнотулду. Алдыда эстелиги орнотулат, - деп белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу акындын инсандык парасатын баса белгилеп жатып, “Чыгармачыл инсандардын арасында жазганы менен жүргөн-турганы айырмаланган адамдар арбын кездешет. Ал эми Сооронбай Жусуев ырларындагы орошон ойлорундай бийик адамгерчиликке ээ, мыкты инсан эле. Элибизде “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, улуу калемгер арабызда жок болсо да анын элесин эскерип, калтырган мурастарын урпактан-урпакка улантуу ар бирибиздин милдетибиз”, – деген пикирин айтты.
Ал эми акын Алтынбек Исмаилов Сооронбай Жусуевди төмөндөгүчө сүрөттөдү: “акындын биринчи өзгөчөлүгү – күнү-түнү эгин талаада буудай чапкан комбайн сыяктуу каруусун казык, канын азык кылып баш көтөрбөй, калемин колунан түшүрбөй, өмүр бою кызылдай мээнет менен чыгармачылыгын өркүндөтүп өстүргөндүгү. Экинчи өзгөчөлүгү - ал киши жасап жазбай, жашап жазчу. Көзүнө көрүнгөндү эмес, жүрөгүнө урунганды жазчу. Үчүнчү өзгөчөлүгү – ар дайым артынан шакирттерди тарбиялап, өстүрүп, аларга батасын берип, чыгармачылыгына көз жүгүртүп, назар салып, жол көрсөтүп, китептери чыкса баш сөзүн жазып аларга көмөк, колдоо көрсөтүп турчу. Төртүнчү өзгөчөлүгү – котормочулук менен алектенип, дүйнөлүк классик акындардын чыгармаларын которуп, котормо жаатына да өтө чоң эмгек сиңирип кетти. Бешинчи өзгөчөлүгү - эч ким даай албаган, бардык эле акындардын кудурети жетпеген ыр менен роман жазып, “Курманжан датка”, “Исхак Раззаковдун тагдыры” деген эки поэтикалык чыгармаларды жаратты. Алтынчы өзгөчөлүгү – сагызгандай сак, саттай так, ар бир мүнөтүн текке кетирбеген сапаты менен чыгармачыл чөйрөгө өрнөк болуп кетти”, - деди.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар кыштагында жарык дүйнөгө келип, 2016-жылдын 4-февралда 91 жашында каза болуп сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.