Бишкек – Балыкчы поезддинде “Nomad Express” маданий иш-чарасы өттү

Маданият 02 Июнь 2026 17:55
711546514_1302760758732423_5794390965383713982_n.jpg
711601706_1302760855399080_1877485239280567494_n.jpg
712466302_1302761072065725_5250755422474503088_n.jpg
715376268_1302760912065741_2259790469930738880_n.jpg
712644408_1302761012065731_2479012673018557180_n.jpg
711473857_1302760968732402_6571091719958258514_n.jpg
711679843_1302760815399084_2234612901359967953_n.jpg
710098520_1302760695399096_834991242146734152_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда “Nomad Express: Музыка, маданият, мода жана салттар аркылуу саякат” аттуу маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Nomad Express” долбоору Кыргызстандын улуттук маданиятын жайылтуу, салттуу искусствону сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн артисттери, музыканттары, дизайнерлери жана маданий тармактын өкүлдөрү ортосунда чыгармачыл кызматташууну өнүктүрүү максатын көздөйт.

Долбоордун алкагында Бишкек – Балыкчы – Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди көчмө маданий аянтчага айланып, катышуучулар үчүн концерттик программа, улуттук музыкалык аспаптарда аткаруулар, элдик бийлер, ошондой эле улуттук салттарды заманбап өңүттө чагылдырган мода көргөзмөсү уюштурулду.

Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар үчүн алдыдагы оюндарга жана өлкөнүн маданий-туристтик потенциалына арналган атайын презентациялар көрсөтүлдү.

Иш-чара Балыкчы шаарында уланууда. Коноктор үчүн аймактын маданий мурасы, салттары жана туристтик потенциалы менен тааныштырууга багытталган мазмундуу программа даярдалган.