Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттер экологиялык маселелерди талкуулоодо

ШКУ 5449 02 Апрель 2026 12:30
663225766_937099548943175_8866988861118662924_n.jpg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 12.56.37.jpeg
660265671_937099485609848_5979524670019150321_n.jpg
661001005_937099575609839_8712719853982057178_n.jpg
662233834_937099648943165_8934917834025024060_n.jpg
661139497_937099618943168_3576824729129269182_n.jpg
Алдыга
Артка
663225766_937099548943175_8866988861118662924_n.jpg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 12.56.37.jpeg
660265671_937099485609848_5979524670019150321_n.jpg
661001005_937099575609839_8712719853982057178_n.jpg
662233834_937099648943165_8934917834025024060_n.jpg
661139497_937099618943168_3576824729129269182_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 2-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооп берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын эки күндүк отуруму башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиев бул жолугушуу өзгөчө маанилүү мезгилде Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы "25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген ураан алдында өтүп жатканын айтты. Бул ураан мүчө мамлекеттердин жалпы умтулууларын толук чагылдырат.

Ал ШКУнун алкагында үзгүлтүксүз жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын жалпылыгын, ошондой эле ачык диалогду өнүктүрүүгө жана актуалдуу багыттар боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга болгон кызыгуусун тастыктай турганын билдирди.

Айрыкча экология жана жагымдуу айлана-чөйрө мамлекеттердин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн эң маанилүү негизи болуп саналары, калктын ден соолугун сактоого жана жалпы жыргалчылыктын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытайдан эксперттер келишти. Пакистан менен Ирандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү да жыйынга катышууда, Тажикстан менен Индия онлайн форматта байланышып жатат.