Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо азайганы байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматына караганда, жуманын башындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кайрылуулар жана ооруканага жаткыруулар азайды. Бирок ооруканадагы бейтаптардын саны жогору бойдон калууда, 500 орун иштеп жатса, факты боюнча 565–573 бейтап жатат.
"Оор учурлардын саны азайды — реанимацияда 6 бейтап бар (буга чейин 10 болчу). КРВИ жана пневмониясы бар бейтаптар токтоосуз кабыл алынып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында сезондук респиратордук инфекциясы бар балдар күнү-түнү кабыл алынууда.
"Кайра профилдештирилген бөлүмдөрдө 421 орун уюштурулуп, анын 378инде бейтап жатат. Кайрылуулар жана ооруканага жаткырылгандардын саны бир аз кыскарганы байкалды. Жалпы соматика, ЛОР жана хирургия/пульмонология бөлүмдөрүндө байтаптар көп", - деп билдиришти аталган ооруканадан.
Министрлик төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- КРВИнин алгачкы белгилери пайда болгондо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
- жогорку температура, демигүү, катуу алсыздык, балдарда суюктуктан баш тартуу сыяктуу белгилерде — дароо медициналык жардамга кайрылуу;
- алдын алуу чараларын сактоо: адамдар көп топтолгон жерлерде беткап тагынуу, колду үзгүлтүксүз жуу, оорунун белгилери бар учурда байланыштарды чектөө;
- сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү — бул сезон ичинде эң натыйжалуу коргонуу чарасы бойдон калууда.