Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Бишкекте 7-Апрель көчөсүндөгү 167-даректе санитардык талаптарга жооп бербеген тамактануучу жай аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясына караштуу Муниципалдык инспекция билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, чарба субъектисин текшерүү учурунда санитардык эрежелер сакталбаганы, канализациядан чыккан кир суулар сыртка агып жаткандыгы белгилүү болгон.
Экинчи текшерүү учурунда тамактануучу жайдын ээси айлананы таштандылардан толук тазалап, канализация түтүгү жакын арада оңдоло турганын айткан.
Инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодексинин” 114-беренеси (Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактабоо) боюнча протокол түзүлгөн.
Мындан сырткары, аталган жайдын жанындагы башка чарба субъектисинин да айланасы антисанитардык абалда экени аныкталган.
Бул факты боюнча А.А. аттуу жаранга карата да ошол эле 114-берене боюнча протокол түзүлгөн.
Муниципалдык инспекция аймактагы бардык ишкерлер менен санитардык нормаларды дайыма сактоо, айрыкча мекеменин айланасындагы 10 метр радиуста тазалыкты камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады.