Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 3-4 апрель күндөрү масштабдуу “Санариптик фермер — 2025” форуму өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди.
Анын айтымында, бул фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүү жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүү боюнча дүйнөлүк тенденциялар, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.
“Форумдун алкагында айыл чарбасынын заманбап технологияларынын көргөзмөсү да өтөт. Бул катышуучулар үчүн инновациялык өнүмдөрдүн иш-аракетин көрүү жана өндүрүүчүлөр жана иштеп чыгуучулар менен алардын бизнесине кантип колдонсо болорун талкуулоочу аянча болот. Форумга катышууну каалаган ар бир фермер келе алат. Ал жерде спикерлер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ага карата фермерлер өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышат”,-деди ал.