Бишкек, 033.04.25. /Кабар/. Бүгүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында айыл чарбасын санариптештирүү маселелерине арналган "Санарип дыйкан - 2025" эл аралык форуму өтүүдө.
Форум Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулду.
Ведомстводон маалымдашкандай, форум тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү боюнча стратегияларды иштеп чыгуу жана агроөнөр жай комплексин санариптик трансформациялоо жаатында мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Форумдун негизги темалары:
- айыл чарбасын санариптештирүү: дүйнөлүк тренддер жана перспективалар;
- ирригация жана агромониторингдеги заманбап технологиялар;
- дрондорду, спутник системаларын айыл чарбасында колдонуу;
- "Фермердин жеке кабинети" санариптик платформасы жана агробизнести башкаруудагы инновациялар;
- тоют өндүрүү жана жайыттарды коргоо жаатындагы инновациялык ыкмалар;
- агросектордогу санариптик чечимдерди каржылоо;
Форумдун программасы тематикалык презентацияларды, панелдик дискуссияларды жана алдыңкы технологияларды көрсөтүүнү камтыйт. Муну мененш катышуучуларга мыкты дүйнөлүк тажрыйбалар менен таанышууга жана Кыргызстандын айыл чарбасын санариптик трансформациялоо үчүн натыйжалуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет.
Форум бүгүн жана эртең, 4-апрелде дагы уланат.